1. Суроо: Мен күнөө кылдым. Кийин тооба кылдым, бирок жамандыкты каалоочу нафсим (көңүл кушум) менден үстөм келип, дагы ошол күнөөнү кылып койдум. Мурунку кылган тообам текке кетеби. Кийинки күнөөм мойнума жүктөлгөндөй, мурункусу да эч өзгөрүүсүз күнөө болуп жазылабы?Жооп: Көпчүлүк аалымдардын пикирине караганда, кабыл боло турган тообанын шарттарынын бири - кишинин кайтып ошол күнөөнү кылбоосу. Ушуну менен бирге, киши күнөө иштен ушул учурдун өзүндө тыйылышы керек жана кылган иши үчүн катуу бушайман болушу керек ошондой эле аны кайта кылбоого кескин чечим кылышы керек. Эгер ошол күнөөнү дагы кылып койсо, жаңы күнөө кылган болуп эсептелет. Ал дагы тооба кылышы керек. Мурунку тообасы да жарактуу эсептелет.2. Суроо: "Бир күнөө үчүн кылган тообам башка бир күнөөнү кылышым менен жоюлуп кетеби?"Жооп: Эгер кылып жаткан күнөө ишиңиз сиз тооба кылган күнөөнүн өзү болбосо, же ошол күнөө ишке тиешелүү болбосо, тообаңыз күчүндө калат. Мисалы, эгер киши сүткордугу үчүн тооба кылып, мас кылуучу ичимдиктерди ичип жаткан болсо - же мунун тескериси болсо - анын тообасы жарактуу. Эгер ал процентке карыз бергени үчүн тооба кылып, бирок, процентке карыз алып жеп жаткан болсо, анда анын тообасы жараксыз. Кудум ушул сыңары, эгер киши наркотикалык заттарды колдонгону үчүн тооба кылып, бирок, мас кылуучу ичимдиктерди ичип жаткан болсо - же мунун тескери болсо - же бир аял менен зына кылганы үчүн тооба кылып, бирок, башка бир аял менен дагы зына кылып жаткан болсо, анын тообасы жараксыз.3. Суроо: "Эгер киши бирөөнүн акысына кол салган болсо, кандай тооба кылышы керек?"Жооп: Расулулла соллаллоху алайхи ва саллам айтат:"Ким эгер (мусулман) бир тууганына - аброю же малына - зулум кылган болсо, Кыямат күнүндө аны (азап менен) кармабастан мурун, бүгүн туураласын. Ал Күндө кишиге динар же дирхам пайда бербейт. Анын эсебинде жакшы иш-амалы болсо, кылган зулуму үчүн (зулум көргөн) мусулмандын эсебине өткөзүлөт. Эгер жакшы амалы жок болсо, мазлум (зулум көргөн) адамдын жаман амалдары мунун мойнуна жүктөлөт" (Бухарий)Мындай зулумдун тообасы кабыл болушу үчүн тооба кылып жаткан киши боордошторуна жеткизген зыянын төлөшү керек жана боордошторунан кечирим сурашы керек.4. Суроо: "Мен бир нече кишини гыйбат кылганмын (ушактаганмын) жана кээ бирөөлөрдү жосунсуз акаараттаганмын, алар жөнүндө эмнелер дегенимди аларга айтышым жана кечирим сурашым шартпы? Кандай тооба кылышым керек?"Жооп: Эгер кылган ушак-айың же акаараттарыңыз аларга өтө катуу тийбей турган жана сизди жаман көрүп калууларына себеп болбой турган болсо, анда жалпы түстө айтып, алардан кечирим сурашыңыз керек. Ар бир сөзүңүздү бирме-бир айтпастан, жалпылап: "Мурун мен сизге зулум кылган элем" же "Сиз тууралуу жараксыз сөздөрдү айткан элем. Азыр Аллага тооба кылдым. Мени кечирип коюшуңузду суранам" деген сыяктуу сөздөрдү айтышыңыз мүмкүн. Мына ушунусу жакшыраак. Эгерде алар ачууланып, сизди жек көрүп, же жалпы мааниде айтканыңызга канааттанбастан толук айтыңышызды талап кылса жана бул нерсе кандайдыр жамандыкка алып барарын билсеңиз, анда аларга бул тууралуу айтпасаңыз да болот. Себеби, Ислам жамандыктын көбөйүшүн каалабайт. Бир нерсеге кубанып турган же эс алып жаткан кишинин алдына барып кылган иштериңизди айтышыңыз анын курсантчылыгын жоготуп, ачуусун козгой турган болсо, бул нерсе боордошторду бири-бирине жакшы мамиледе болууга буюруучу Ислам максаттарына туура келбейт. Ушактаганын айтуу ага карата жек көрүү сезимин ойгото турган болсо, Аллага төмөндөгүдөй түрдө тооба кылынат:- Күнөөсү үчүн катуу бушайман болушу жана Алладан кечирим сурашы керек. Кылган күнөөсүнүн жамандыгы жөнүндө ойлонушу жана анын арам экендигине ишениши керек.- Алладан кечирим сурап жатканда кимди ушактап же акаарат кылган болсо, ошолордун аттарын ашкере айтышы шарт.- Акаарат кылган же ушактаган кишисин өзүнөн жогору коюшу жана алардын жакшы сапаттарын айтышы керек.- Мурда өзү жамандаган кишини эми бирөө жамандамакчы болсо, аны коргошу керек.- Анын акысына кайыптан (жашыруун) дубалар кылышы керек. (Мадариж жана Ал-Мугни маъал Шарх ал-Кабийр)Кишиге финансылык зыян келтирүү жана дене мүчөсүнө зыян жеткизүү менен аны ушактоо жана акаарат кылуунун ортосунда айырма бар. Биринчисинде жеткизген зыяндардын ордун толуктап, мазлумду пайдаландырууга болот. Ошондуктан, муну жашырып жүрүүгө уруксат берилбейт. Экинчиси кишинин кадыр-баркына тиешелүү болгондуктан, муну ашкере айтуу кишини дагы да капа кылат жана сарсанаага салат.5. Суроо: "Адам өлтүргөн киши кандай тооба кылышы керек?"Жооп: Адам өлтүргөн киши үчөөнүн акысына кол салган болот: 1) Алланын, 2) өлгөн адамдын, 3) өлгөн кишинин мураскорлорунун. Алланын акысын өз ордуна коюу үчүн тооба кылынат. Мураскорлордун акысын өз ордуна келтирүү үчүн, ал өзүн мураскорлордун ыктыярына тапшырышы керек. Ошондо алар өз акыларын үч түрдүү жол менен алышы мүмкүн: өч алуу, кун төлөтүү, кечирип жиберүү. Курман болгондун акысын болсо бул дүйнөдө төлөй албайт. Бул тууралуу аалымдар "эгер адам өлтүргөн кишинин тообасы калыс болсо, кайра тириле турган Күндө Алланын Өзү курман болгон кишинин акысын өтөйт" дешкен. (Ал-Мадариж)6. Суроо: "Ууру кандай тооба кылат?"Жооп: Эгер уурдаган нерселери өзүндө турган болсо, ээсине кайтарып берет. Уурдаган нерселери жок болуп кеткен болсо, же болбосо, кийилүү, пайдаланылуу жана убакыттын өтүшү менен эскирген же баасы түшүп кеткен болсо, ээси ыраазы боло турган бааны төлөйт.9. Суроо: "Мен уурдап алган нерселердин ээлеринин алдына барып, уурулугумду мойнума ала албаймын же кечирим сурай албаймын. Эмне кылышым керек?"Жооп: Алар менен бетме-бет келүүдөн уялып жаткан болсоңуз, мында күнөө жок. Алардын нерселерин атыңызды айтпоо шарты менен үчүнчү бир киши аркылуу, же почта аркылуу, же алар табышы мүмкүн болгон жерге жашыруун коюп кетишиңиз менен, же болбосо, "Бир киши силерден мына муну алган экен" деп, кайтарып беришиңиз мүмкүн. Бул жердеги негизги максат аттарды айтуу эмес, уурдалган нерселерди өз ээлерине кайтарып берүү.8. Суроо: Атамдын чөнтөгүндөгү нерселерди жашыруун уурдачу элем. Азыр тооба кылдым, бирок, канча уурдаганымбы анык билбеймин жана өзүнө айтуудан да уяламын.Жооп: Өзүңүз жакшылап ойлонуп, болжоп көрүңүз, анан ошол болжогонуңуздун эң жогорку өлчөмүн жашыруун түрдө ордуна коюп коюшуңуз мүмкүн.9. Суроо: Бирөөлөрдүн акчасын уурдаган элем, азыр тооба кылдым, бирок, алардын каерде жашарын билбейм.Жооп: Мүмкүнчүлүгүңүз болушунча аларды издеңиз. Тапсаңыз, алган нерсени кайтарып бериңиз. Эгер дүйнөдөн кайткан болсо, мураскорлоруна кайтарып бериңиз. Таба албасаңыз, эгер ал капыр болсо да, ошол }
Кошулган куну: 12 февраля 2011
Реклама учун орун!
» » » Кандай тооба кылуу керек?
Эн кызыктуу макалалар
Кошумча категория
Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух! Онлайн Мусулмандар Борборуна кош келдиниз!
Загрузка. Пожалуйста, подождите...
Кандай тооба кылуу керек? » Муслим.KG - Мусулмандар Борбору
Комментариев нет:
Отправить комментарий